Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 20.05.2017 10:37

Жумгалда «Балдар ааламы» фестивалынын жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылында «Балдар ааламы» фестивалы өттү, деп билдирди райондук маданият бөлүмү.

Маалым болгондой, фестивалга райондогу жалпы искусство орто мектептеринин окуучулары катышып, өз таланттарын тартуулашты. Анда, алар комуз чертип, ооз комузда ойноп, башка үйлөмө аспаптарды колдонуп, ыр-бийлерин көрсөтүштү. Сынакта жалпы 50дөн ашык окуучулар күч сынашты.

Фестивалдын жыйынтыгында 1-орунду Ч.Дүйшеева атындагы искусство мектеби ээлесе, 2-орунду Байзак айылындагы С.Рысмамбетов мектеби, ал эми 3-орунду Миң-Куш балдар искусство мектеби багындырды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×