Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуЖумгал району 23.05.2017 10:30

Жумгалда «Шайыр апалар» сынагынын жеңүүчүлөрү аныкталды (видео, фото)

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылындагы маданият үйүндө «Шайыр апалар» сынагы жыйынтыкталды. Бул тууралуу Жумгал райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Жумабек Тултуков билдирди.

Анын айтымында, иш-чара мындан 3 ай мурда башталып, ага жалпы 13 айыл өкмөттөн 200дөн ашык энелер катышып, күч сынашты.

Сынактын жыйынтыгында 1-орунду Миң-Куштан келген апалар ээлесе, 2-орунду Чаек айылынан топтолгон «Соң-Көл апалар тобу», ал эми 3-орунду Куйручук айылынын шайыр энелери багындырышты. Жеңүүчүлөргө райондук бийлик тарабынан баалуу белектер тапшырылды.

«Шайыр апалар» сынагында катышуучулар маданият бөлүмүнүн жобосуна ылайык таанышуу, саламдашуу, «Манас» эпосунан үзүндү жана дастан айтуу, каада-салттарды чагылдыруу жана таалим-тарбиялык элдик обондорду тартуулоо менен улуттук тамак-аштардын жасалышын көрсөтүү, ошондой эле, «Мен энемин» темасында көркөм окуу тапшырмаларын аткарышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×