Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуЖумгал району 31.05.2017 16:41

Айыл турмушу: Жумгалдык А.Жумалиева 10 миң даана айнек бөтөлкө менен курулган бассейнди колдонууга берет (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Беш-Терек айылындагы Жумгал суусунун жээгинде жайгашкан «Алтын балык» эс алуу жайында 10 миң даана айнек бөтөлкө менен курулган сырткы бассейн жакынкы күндөрү ишке берилгени турат. Бул тууралуу эс алуу жайдын ээси Акылай Жумалиева билдирди.

Анын айтымында, бул эс алуу жайда жолдошу Толубай Кенжеказаков менен бирге 2 жылдан бери кызмат көрсөтүп келишет. Эс алуу жайында 2 кыргыз боз үйү меймандар үчүн тигилип, бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Ошондой эле, эс алуучуларга шишкебек, балык даярдалса, улуттук тамак-аштар буйрутма аркылуу берилет.

А.Жумалиеванын үй-бүлөсү жерди жайыт комитети тарабынан 5 жылга ижарага алган.

«Эс алуучуларга ыңгайлуу шарт түзүп берүү максатында атайын айнек бөтөлкөлөрдөн жасалган сырткы бассейнди ишке киргизгени турабыз. Азыр аба ырайынын жаанчыл болуп жатышынан улам кечиктирип жатабыз. Бассейнге 10 миң даана айнек бөтөлкө керектелди», - деди А.Жумалиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×