Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 02.06.2017 15:51

Англиядан келген ыктыярчылар Жумгалдагы 30 мугалимди окутуп жатышат (фото)

Turmush -  Жумгал районундагы 30 мугалимди Англиядан келген 3 ыктыярчы англис тили боюнча окутуп жатат. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, алар жергиликтүү бийлик жана райондук билим берүү бөлүмүнөн уруксат алып, Чаек айылындагы Т.Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиясынан класс берилген.

«Бул ыктыярчылар "Эр айым" коомдук уюму менен бирге кызматташуунун алкагында 12 жылдан бери иштешет. Учурда райондун аймагындагы мугалимдердин билим деңгээлдерин жогорулатып, чет тили боюнча окуучуларга сабак өтүүнүн тартиптерин, окуунун багыттарын үйрөтүп жатышат», - деп айтылат маалыматта.

Ыктыярчылар 10 күн бою Жумгал районунда болуп, июль-август айларында Бишкек шаарындагы Ак-Өргө, Ак-Ордо жаңы конуштарындагы аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдарына англис тили боюнча акысыз сабак өтүшөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×