Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 05.06.2017 14:51

Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчылыгына Ф.Өмүралиева дайындалды (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы болуп Өмүралиева Фатима Арманбековна дайындалды. Тиешелүү буйрукка билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева кол койду. Бул тууралуу билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

20170605_094722

Өмүр баяны:

Өмүралиева Фатима Арманбековна 1962-жылдын 12-июнунда Жумгал районунун Чаек айылында туулган. 1979-1984-жылдары В.В.Маяковский атындагы Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтун аяктаган. Кесиби орус тили жана орус адабияты боюнча мугалим.

Эмгек жолу:

- 1984-1987-жылдары Чаек айылындагы М.Алыбаев атындагы орто мектебинде орус тили жана орус адабияты боюнча мугалим;
- 1987-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу №47 кесиптик техникалык окуу жайда орус тил мугалими;
- 1994-1995-жылдары №47 кесиптик техникалык училищада методист, психолог болуп эмгектенген;
- 1997-жылы №47 кесиптик техникалык училищанын директорунун тарбия иштери боюнча орун басары, 1998-жылы директордун окуу бөлүмү боюнча орун басары болгон;
- 2002-жылы «Мээрим» балдар фондусунун «Кара-Кече» долбоорунда эмгектенген;
- 2004-жылы «Шарбон» ЖЧКнын айыл чарба бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген;
- 2005-жылдан тартып 2017-жылдын 1-мартына чейин Чаек айылындагы Т.Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиясында орус тили жана орус адабиятынан мугалим болуп иштеп келген.

Иштериндеги жетишкен ийгиликтери үчүн билим берүүнүн отличниги, «Жыл мугалими» наамынын жана Билим берүү министрлигинин, облустук, райондук билим берүү тармактарынын, Нарын облустук мамлекеттик администрациясынын ардак грамоталарынын ээси. Жаңы жетекчи 3 баланын апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×