Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 05.06.2017 18:35

Жумгалдагы 5 мектептин директору кызматтан алынды

Turmush -  Нарын облусундагы Жумгал районунда 5 мектептин директору кызматтарынан кетип, ордуна жаңы башчылар дайындалды. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, мурдагы билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кубан Кыдыралиев 2016-жылдын декабрь айында кызматтан кеткен. Башчынын убактылуу милдетин аткаруучу болуп Кудайберген Чалов Билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиеванын буйругу менен дайындалган.

- 1-февралда К.Чалов райондун Кызарт айылындагы А.Идинов атындагы орто мектебинин директору Төлөбай Карымшаковду кызматтан алып, анын ордуна мурдагы бөлүм башчы Кубан Кыдыралиевди дайындаган;

- 1-февралда Миң-Куш айылындагы Жусуп Сары улуу атындагы орто мектебинин директору Мукаш Жакыпбаевдин ордуна Чынара Эмилованы дайындаган;

- 8-февралда Жумгал айыл өкмөтүндөгү М.Өмүрканова атындагы орто мектебинин директорунун ордуна Канат Насыкеевди бекиткен;

- 17-февралда Кабак айылындагы И.Орозалиев атындагы орто мектебинин директору Арзыкан Бекбаеваны кызматтан алып, анын ордуна Токтобек Ысырановду дайындаган;

- 22-февралда Миң-Куш айылындагы А.Ибраимов атындагы орто мектебинин директору Кубат Ниязбеков айыл өкмөткө келгендигине байланыштуу анын ордуна Назгүл Бекбоеваны дайындаган.

Ал эми, Жумгал райондук билим берүү бөлүмүнүн жаңы дайындалган башчысы Ф.Өмүралиева 2 мектеп директорун кызматтан алып, алардын ордуна жаңы дайындады.

- 22-мартта Куйручук айылындагы А.Сулайманов орто мектебинин директору Ширинбек Мусабаев кызматтан алынып, анын ордуна Гүлмира Рыспекова дайындалган;

- 20-апрелде Таш-Дөбө орто мектебинин директору Нурпилан Байболотов кызматтан кетип, ордуна Баяс Жунушалиев бекиген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×