Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 09.06.2017 17:47

Жумгал райондук сотунун төрайымы болуп А.Айдыралиева дайындалды (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал райондук сотунун төрайымы болуп Айдыралиева Айсейил Абдыкадыровна дайындалды. Бул тууралуу облустук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Нарын мамлекеттик университетинин юридикалык факультетинин алгачкы бүтүрүүчүсү А.Айдыралиева 2003-жылдан тартып Нарын облусундагы арбитраждык сотто, экономикалык жана административдик иштер боюнча район аралык сотунда эмгек жолун баштаган.

2013-жылдан бери Чүй облустук сотунда судьянын жардамчысы болуп иштеп турган. 2016-жылдын 12-октябрындагы президент А.Атамбаевдин жарлыгы менен Жумгал райондук сотуна судья болуп дайындалып, райондук соттун төрагасынын милдетин убактылуу аткарып келген.

Ал аталган кызматка президент А.Атамбаевдин 2017-жылдын 31-майындагы «Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьяларын дайындоо жөнүндө» жарлыгы менен бекиди.

Ошондой эле, райондук сотунун судьялыгына Нурбаев Бакытбек Сайдиллаевич дайындалды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×