Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуЖумгал району 22.06.2017 17:32

Жумгалда «Китеп кербени» иш-чарасы өттү (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Беш-Терек айылында бүгүн, 22-июнда Ыйман, адеп жана маданият жылынын алкагында кыргыз-америка кызматташтыгынын 26 жылдыгына карата «Китеп кербени - 2017» иш-чарасы болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, бул иш-чарага АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин коомдук байланыштар бөлүмүнүн башчысы Шелли Сивер, Нарын облустук С.Орозбаков атындагы китепканасынын башчысы Замира Токторбаева, Жумгал районунун акиминин орун басары Гүлбарчын Исакова жана райондук маданият бөлүмүнүн башчысы Жумабек Тултуков жана айылдык китепкананын кызматкерлери, айыл тургундары, мектеп окуучулары катышты.

Иш-чарада 2 боз үй тигилип, анда Америка бурчу көрсөтүлдү. Ошондой эле, мастер-класстар, флешмоб, суроо-жооп оюну жана чакан программадагы концерт уюштурулду.

Шелли Сивердин айтымында, Америка бурчу Кыргызстандын 7 дубанында уюштурулган. Аларда чет тили боюнча окуу куралдар, котормолор камтылган. Мындай бурчтар эки элдин ортосундагы ынтымакты, кызматташтыкты күчөтүп, чет тилин үйрөнүүгө көмөк көрсөтөт.

Ал эми, Нарын облустук китепканасында Америка бурчу 2012-жылдан бери бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×