Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 11.07.2017 18:11

Жумгалдагы үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун милдетин М.Акымбаев аткарып жатат

Turmush -  Жумгал районунун үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун убактылуу милдетин аткаруучу болуп 61 жаштагы Муратбек Акымбаев дайындалды. Тиешелүү буйрукка саламаттыкты сактоо министри Талантбек Батыралиев кол койгон.

IMG_9945

Аталган борбордун мурдагы директору Анара Өмүрзакова пенсияга чыгып, өз каалоосу менен кызматтан кеткен.

М.Акымбаев Жумгал районунун Байзак айылында 1956-жылы туулган. Буга чейин райондук  ооруканада балдар дарыгери болуп эмгектенип келген. 1974-1975-жылдары колхоздо эмгектенип, 1975-1977-жылдары Москва шаарында аскердик кызмат өтөгөн. 1977-1983-жылдары Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунда билим алган. 1983-1984-жылдары борбордо, кийин Кызарт айылдык ооруканада иштеген. 1986-жылдан баштап Жумгал райондук ооруканада эмгектенип келет.

Дарыгер учурда 3 уул жана 1 кыздын атасы. Жубайы Каухаргүл Күрегенова Байзак айылындагы Т.Бокчубаев атындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун директору болуп эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×