Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуЖумгал району 17.07.2017 13:11

Айыл турмушу: 36 жаштагы А.Абдрахманова нан чыгаруучу цех иштетип, 5 баласын багып жатат (фото)

Turmush -  36 жаштагы Айнакан Абдрахманова Нарын облусунун Жумгал районунун Байзак айылында чакан нан чыгаруучу цех иштетип, үй-бүлөсүн багып жатат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

А.Абдрахманова 5 баланын энеси. Ал 2016-жылдын август айында гендердик теңдик жана аялдардын укуктары менен мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселелери боюнча БУУнун түзүмү тарабынан нан бышырууну үйрөнүп келген. Кийин долбоор жазып, 100 миң сомго азык-түлүк, нан бышыруучу жабдыктар менен камсыз болгон. Ошондон бери айылда нан бышырып, дагы 2 тургунду иш менен камсыз кылууда.

«Азыр чакан нан чыгаруучу цехте кыргыз нан, бөлкө, лепешка, булочка жана кекс бышырып жатам. Менден башка дагы 2 кызматкер иштейт. Көбүнчө тойлорго буйрутма алабыз. Андан тышкары, күнүгө 100 даана лепешка, 50 даана булочка чыгарып, райондун борбору Чаек айылындагы 3 дүкөнгө сатабыз. Болжолдуу 1 айлык кирешем 15 миң сомду түзөт. Кээде электр жарыгы өчүп калганда кыйналабыз. Ошого байланыштуу атайын кыргыз тандыр салсак деген кыялым бар. Электр жарыгы өчкөндө нанды тандырга бышырып турмакпыз», - деди ал.

Жолдошу Зарылбек Акылбек уулу менен үйдө чакан бакчада жашылча-жемиштерди өстүрүшөт. Ошондой эле, мал чарбачылык менен алектенишет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×