Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 03.08.2017 17:11

Түгөл-Сайдагы мектепте 500 миң сомго автордук класс ачылды (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районундагы Түгөл-Сай айылындагы С.Медетов атындагы орто мектепке эл агартуунун отличниги Калипа Абакирова 500 миң сомго автордук класс ачты. Бул тууралуу аймактык кабарчыга мектеп директору Фарида Садырбекова билдирди.

Анын айтымында, класска жаңы эмеректер тапшырылды. Калипа Абакирова учурда мектепте социалдык педагог болуп иш алып барат. Мектеп жамааты, айылдык кеңеш мектепке автордук класс ачуу боюнча уруксат беришкен.

Аталган орто мектепте жалпы 324 окуучу окуп, 36 мугалим эмгектенет.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×