Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Нарын

Жаңы-Арыктагы маданият үйү көгүчкөндөрдүн мекенине айланды (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Жаңы-Арык айылындагы маданият үйү 1987-жылы курулгандан тартып толугу менен оңдоодон өтпөй, учурда көгүчкөндөрдүн мекенине айланды. Бул тууралуу аталган айылдын тургундары билдиришти.

Жергиликтүү жашоочу Расул Кудайбергенов айылдагы маданият үйүн кара кулпу кайтарып калганын айтып, нааразы болду.

«Бул имарат союз мезгилинде курулган. Ортодо менчикке чыгып кетип, 1987-жылы кайрадан мамлекеттин карамагына өткөн. Бирок ошондо эле менчикке чыгарып берсек болмок экен. Учурда маданият үйдүн жылуулук тармагы иштебейт. Ичи жайында -30 градус болсо, кышында -60 градуска барат», - деди Расул Кудайбергенов.

Учурда маданият үйдө нымдуулук жогорулап, дубалдары чирип, көгөрүп баштаган.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1207
Көп окулду
×