Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Нарын

Жумгал районунун 3 айылында бала бакча жок, - билим берүү бөлүмү

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунун 3 айылында бала бакча жок. Бул тууралуу райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Фатима Өмүралиева билдирди.

Анын айтымында, СССР мезгилиндеги айрым бала бакчанын имараттары менчикке кетип бузулса, айрымдары авариялык абалдан кийин кыйраган.

«Жаңы-Арык, Таш-Дөбө жана Көк-Ой айылдарындагы балдарга мектепке чейинки билим берилбей келет. Бул айылдарга бала бакчаларды куруу демилгелери көрүлүп келгени менен бош имараттар жок. Мурдагы имараттар менчикке чыгып, кайра кайтарылбай жатат», - деди Өмүралиева.

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1192
Көп окулду
×