Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Нарын

Жумгалда мурунку атканага жайгаштырылган мектеп авариялык абалда турат (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Жаңы-Арык айыл аймагындагы А.Идинов атындагы орто мектебинин учурда пайдубалы чөгүп, чатырынан суу агып жараксыз абалга келген. Бул тууралуу айыл тургундары билдиришти, деп кабарлайт аймактык кабарчы.

Аталган мектептин жамааты бул мектеп 2 имараттан турганын, анын бири 1937-жылы ашар жолу менен жылкылар үчүн аткана болуп курулганын айтышты. Ал эми, 2-имараты 1972-жылы Ош-1 долбоору менен бала бакчага ылайыкташтырылып пайдаланууга берилген. Биринчи имараттын дубалы чийки кирпич, пайдубалы таш жана ылай менен салынган. Учурда чатырындагы тактайлар ийилип, дубалдарынан жаракалар пайда болду. Кышкысын окуу класстары атайын меш менен жылытылат. Ал дагы талаптагыдай жылуулукту кармабайт.

«Мектептин имаратына ӨКМ тарабынан балдарды окутууга тыюу салынганына карабай окуучулар окуп жатышат. Экинчи имараттын дагы пайдубалы чөгүп, сыртынан бир жакка ооп турат. Аны атайын темир, арматуралар менен тиреп койгонбуз. Учурда 2 имаратта жалпы 419 бала билим алат. Андан сырткары мектепке чейинки "Наристе" жамааты менен 3 сааттык балдар курсунда 50 бала тарбия алууда. Мектепте чоң зал жана спорт зал, ашкана жок», - дешет мектеп жамааты.

Бул мектеп 2015-жылы өкмөттүн «Коопсуз мектеп жана мектепке чейинки мекемелер» иш-чарасына киргизилген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1061
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:21,   23.11.2017   ( 4 адам окуп жатат)
×