Бөлүмдөр
Жекшемби, 24-июнь
Нарын

Жумгалда кулчулукта жүрдүм деген М.Долгопаловдун иши милицияда каралбай жатат

Turmush -  Жумгал районунун Көк-Ой айылында 8 жыл кулчулукта жүрдүм деген Сокулук районунун тургуну Михаил Долгопалов 15 күндөн бери айылдагы социалдык кызматкердин үйүндө жашап келет. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айылдык кеңештин депутаттары билдиришти.

IMG_20170804_194535Айыл өкмөттүн жамааты жана айылдык кеңештин депутаттары Жумгал РИИБ бул кишинин өздүгүн аныктоочу документтерди, мурда жашаган жерин аныктабай жатканына нааразыболууда.

«Бул кишинин өздүгү ушул күнгө чейин аныктала элек. Арадан 1 ай убакыт өттү. Жумгал РИИБдин кызматкерлери ишти карабай жатышат. Жумгал РИИБдин кызматкерлери Сокулук районуна сурак кагазын жибердик дешкен, андан да дайын жок. Бул адам качанкыга чейин Жумгалда жүрө берет?», - дешет  эл өкүлдөрү.

Бул маселе боюнча Жумгал РИ­ИБдин жетекчисинин орун басары Азамат Абыкеев тергөө амалдары учурда жүрүп, иш бүтө электигин жана Долгопаловдун өздүгүн аныктоо үчүн Сокулук РИИБге кат жиберилгенин, жообу келе электигин билдирди.

Тема боюнча: Видео - Жумгалда кулчулукта жүрдүм деген М.Долгопалов соцкызматкердин үйүнө жайгаштырылды

Жумгалда 8 жылдан бери кулчулукта жүрөм деген М.Долгопаловду милициялар дагы иштетип жүргөн, - тургун (видео, фото)

Видео, фото - М.Долгопалов 8 жылдан бери Жумгалда кулчулукта жүргөнүн айтууда

Жумгалда 8 жылдан бери кулчулукта жүргөнү айтылып, изделип жаткан сокулуктук адам табылды

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1404
Көп окулду
×