Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.43    81.46    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Видео - Жумгалда спорт зал жок, спорттун деңгээли төмөндөп кетти, - депутаттар

Turmush -  Жумгалдын борборунда спорт залдын жоктугунан спорттун деңгээли төмөндөп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга Чаек айылдык кеңештин депутаттары билдиришти.

«Совет учурунда курулуп, бирок курулушу толук бүтпөй токтоп калган спорт залдын каркасын, материалын Т.Турсунбаева атындагы мектеп-гимназиясынын артына курабыз деп алып кетип, 10-12 жылдан бери андан дайын жок. Анысы аз келгенсип дене тарбияны чыңдоочу эски борбордун аянтына мыйзамсыз курулуштар курулган. Ал курулуштарды буздуруп, кайрадан айыл өкмөттүн балансына алдык. Учурда райондун борборунда заманбап спорт зал жок», - деди жергиликтүү кеңештин төрагасы Мырзабек Өмүрбек уулу.

Ал эми, райондук спорт комитетинин жетекчиси Рахат Абышов спортко көңүл бурулбай калганын айтты.

«Азыр айылда спорт залдын жоктугунан мелдештер мектептердин залдарында өтүп, бирок чоң мелдештер өтпөй калууда. Райондун борборунда чоң спорт залдын жоктугу эң чоң көйгөй. Учурда Чаектеги спорт мектеби дагы авариялык абалда турат. Акыркы 8-9 жылдан бери спорттун деңгээли түшүп кетти», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 733
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу