Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Нарын

Жумгалдык депутаттар Түндүк-Түштүк унаа жолунун сапатсыз курулушуна нааразы (фото)

Turmush -  Нарын облусундагы Жумгал районунун аймагынан өткөн Түндүк-Түштүк альтернативдүү жолунун сапатсыз курулуп жатышына Көк-Ой айылдык кеңешинин депутаттары нааразы болушууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айылдык кеңештин депутаты Дастан Кылычбек уулу билдирди.

Анын айтымында, аталган унаа жолдун курулушундагы кемчиликтер тууралуу бир катар жогорку органдарга кайрылышкан. Ошондой эле, өкмөт башчыга чейин кайрылуу жөнөтүшкөн.

«Көк-Ой, Арал айылдарындагы 12 чакырым (183-195-чакырым) жолдун көпчүлүк бөлүгү бүгүнкү күндө толук сметага дал келбей төмөндөгү дефектилер ачыктан-ачык көрүнүп жатат. Жыл өтпөй айрым тилкелер жарылып баштады. Жарылган жерлерин топурак менен жаап көргөзбөөгө аракет кылышууда. Андан сырткары, жолдун жээгинде жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жол, жолдун чектери, бордюрлары толугу менен өйдө-ылдый чөгүп, сапаты жоголуп, четинен талкаланып жатат. Жолдун жээгиндеги эл сугат үчүн пайдалануучу арыктарга коюлган цемент, лотоктор кыйрап баштады. Кээ биринде цемент төшөмдөр коюлган эмес. Жол белгилеринин өңдөрү өчүп, айрым жерлеринде жыгылып калган. Жол курууда шагыл казылган жер Көк-Ой айылынын башында жайгашкан. Ал толугу менен сууга толуп, четинен турак үйлөрдү каптап жатат. Мындай кемчиликтерге мыйзамдуу баа берилбей келет», - деди Д.Кылычбек уулу.

Ошондой эле, жергиликтүү депутаттар Э.Дөөткулов, А.Асаналиев жол долбоорлоо институтунун башкы инженеринин жардамчысы Өмүрбек Турдуманбетовго бир нече жолу кайрылып, жолдогу кемчиликтерди айтышкан. Бирок андан оң жооп алышкан эмес.

«Биз 2016-жылдын октябрь айынан баштап эле кайрылып келебиз. Жол долбоорлоо институтунун башкы инженеринин жардамчысы Өмүрбек Турдуманбетовго кайрылганыбызда эч кандай тиешеси жок экенин айтып, каалаган жериңерге барып арыздангыла деген сөзү жергиликтүү кеңештин депутаттарын нааразы кылды. Ө.Турдуманбетов өзүнүн кызматтык жана функционалдык милдеттерин одоно бузгандыгы үчүн анын жоопкерчиликке тартууну өтүнөбүз», - деди эл өкүлдөрү.

Бул маселе боюнча жол долбоорлоо институтунун башкы инженеринин жардамчысы Өмүрбек Турдуманбетов буларга токтолду.

«Бул депутаттар өткөн кыштан бери кайрылып келишет. Акыры президентке, өкмөт башчыга, Жогорку Кеңештин депутаттарына чейин кайрылуу кат жазышты. Андан кийин Эсептөө палатанын өкүлдөрү келди, прокуратура текшерип чыкты. Эч кандай мыйзамсыз иш болгон жок. Менин иш тажрыйбамды көрүп, билип ошол жерге иштесин деп жиберишти. Менин 35 жылдык эмгек стажым бар. Жолдун жарылганы ал оор жүк тарткан унаалардын айынан болуп жатат. Ал эми бордюр, лотокторго акча төлөнгөн эмес. Аны компаниянын кызматкерлери жөн эле жасап кетишкен. Бетондун курамына кошулмалар кошулбай жасалган, аны кайра жасап коюшат.

Мен азыр ал участкада эмесмин, Казарман, Токтогул жакка которулуп кеткем. Бардык орган жеринде текшеришти. Ал депутаттардын айрымдары ошол жол курууда иштешчү, иш бүткөндө бошоп калышкан. Алар кайра жумушка албайсыңар деп ушинтип арызданып жатышат», - деди Ө.Турдуманбетов.

Түндүк-Түштүк альтернативдүү унаа жолун Кытайдын «Чайна Роуд» компаниясы куруп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 790
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×