Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.43    81.46    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Жумгалдык Ж.Тойчубекова өзүнө кол салган 3 мугалимди 2 жылга кесүүнү талап кылууда (видео, фото)

Turmush -  Жумгал районунун Эпкин айылынын 62 жаштагы тургуну Жамила Тойчубекова айыл өкмөттүн 50 га сугат жерин ижарага алып иштетип келген. Бирок өткөн жылы айылдагы мектептин үч мугалими жердин ижара акысын төлөбөй жатасың деп чуу салышкан, деп билдирди аймактык кабарчыга.

Жамила

«Өткөн жылдын 28-майында Акун Садырбаев атындагы орто мектебинин 3 мугалими арпа, чөп өстүрүп келген ижарадагы жеримди алабыз деп чуу чыгарышкан. "Сен жердин салыгын төлөбөй жатасың" деп жалган жалаа жаап, элди уюштуруп жашап жаткан үйүмө чейин келип, эшик-тереземди талкалап коркутушту. Мен үй-бүлөм менен качып кетип кутулдум. Эртеси жыйын уюштурулуп, анда калыс пикиримди билдирип барсам, мугалимдер мага атырылып, ур-токмокко алууга чейин барышты.

Мен ушуларга теңелбей эле коеюн десем, көрүнгөн жерге жамандап, кагып-силкип, жада калса көчөдөн өлтүрүп кетебиз деп коркутуп жатышканынан милицияга арыз жазып кайрылгам. Эки соттун өкүмү менин пайдама чечилип, материалдык, моралдык жактан келтирилген чыгымга 120 миң сом төлөп беришти.

Алар кийин Нарын шаардык сотуна арызданышкан. Ошол соттун имаратынын ичинде 3 мугалим мени сабап салышты. Эми ал боюнча учурда суралып жатышат. Булардын максаттары мени өлтүрүп жок кылуу. Ошондуктан мен ар бирин 2 жылга үй түрмөгө кесүүнү суранам. Күндөн-күнгө күчөгөндөн күчөп бара жатышат», - деди ал.

Асыл

Ал эми, Тойчубекова күнөөлөп жаткан А.Садырбаев орто мектебинин мугалими, эл агартуунун отличниги Асыл Тургуналиева бул дооматтар жалган экенин билдирди.

«Тойчубекова И.М. аттуу тракторист баланы кестирип жибергенден кийин, анын үйүнө баланын үй-бүлөсү, туугандары, эл болуп барганбыз. Мени депутат катары барып келиңиз дегенинен барып калгам. Анда эшик-терезесин талкалаган эч ким болгон эмес. Үйүндө келини деле бар болчу.

Тойчубекова өзү эшик-терезесин талкалап, андан кийин милицияга бизди күнөөлөп кайрылган болчу. Ак жерибизден караланып жатабыз. Облустук сотто 3 күн камалды дегени да жалган.

Ал Дыйкандан Эпкин айылына чейинки электр тирөөчтөрүн бүт чыгарып алып кеткен. Эмне үчүн аны карашпайт? Мен да соттошууга чейин барам», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1675
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу