Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Нарын

Жумгалдагы Дыйкан суу сактагычы 54 млн сомго курулуп баштады (фото)

Turmush -  Жу­мгал районунун Баш-Кууганды айылындагы Дыйкан суу сактагычы реабилитациялоо боюнча Кыргызстандын улуттук стратегиясына киргизилип, би­рок тизмеден ал­ынып иштер жүрбөй келген. Бул ирет республикалык бюджеттин эсебинен 54 млн сом каралып иш башталды. Бул тууралуу  Баш-Кууганды айыл өкмөт башчысы Рахат Жумуков аймактык кабарчыга билдирди.

«Дыйкан суу сактагычы кайрадан иш­ке кирип пайдаланууга берилсе 10 миңдеген гектар жер сугат суу менен камсыз болот. Ошондой эле коңшу айылдарга да суу жетиши мүмкүн. Учурда 54 млн сом каралып, иш башталды», - деди айыл өкмөт башчы Рахат Жумуков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 578
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×