Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.43    81.46    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Кызарттагы милиция бөлүмүнүн мурунку жетекчисине кылмыш иши козголду

Turmush -  Жумгал районунун прокуратурасы тарабынан Жумгал РИИБдин Кызарт айылындагы аймактык милиция бөлүмүнүн мурунку жетекчиси К.Э. жана башка кызматкерлерге кызмат ордунан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу аймактык кабарчыга райондук прокуратурадан билдиришти.

Маалым болгондой, 2015-жылдын 17-июнунда Жумгал РИИБ Т.К. аттуу жарандын 3 миң 300 сомдук «Нокиа-206» үлгүсүндөгү уюлдук телефонунун уурдалышы боюнча кылмыш ишин козгогон. Тергөө иштеринин жүрүшүндө РИИБдин тергөөчүсү Б.Н. Жумгал РИИБдин Кызарт айылындагы аймактык милиция бөлүмүнүн жетекчисине кылмышка шектүү делген И.А. аттуу жаранды издөө ишин жүргүзүү боюнча өзүнчө тапшырма берген. Бирок Кызарт айылындагы аймактык милиция бөлүмүнүн жетекчиси К.Э. өзүнүн ыйгарым укуктарынан аша чаап, И.А.ны жеке издөө ишин бурмалаган. Ал А.З. жана Ж.Э. аттуу жарандардын кол тамгасын жасап, аларды шектүүгө байланыштуу иштин протоколуна күбө катары киргизген. Бул жасалма протоколдо И.А. Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренесинин 2-бөлүмү (уурдоо) менен айыпталып, анын иши Жумгал райондук сотко жиберилген.

Учурда бул иш УКМКнын Нарын облусу боюнча башкы башкармалыгынын тергөө бөлүмүндө иликтенип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 814
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу