Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.43    81.46    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Жумгалдагы жол тейлөө мекемесинин башчылыгына З.Моңошов келди (фото)

Turmush -  Транспорт жана жол министрлигинин алдындагы жол чарба департаментинин башчысынын буйругу менен Нарын облусунун Жумгал районундагы №24 жол тейлөө мекемесинин башчысы болуп 53 жаштагы Зарылбек Моңошов Сүйдүевич дайындалды.

IMG-20170828-WA0003-1

Өмүр баяны:

Зарылбек Моңошов Сүйдүевич Жумгал районунун Көк-Ой айылында 1964-жылы туулган. Кыргыз архитектура-курулуш институтунун жол боюнча инженер кесибин аяктаган.

Эмгек жолу:

- 1983-жылы Жумгал районундагы жол тейлөө мекемесинин жол мастери;

- 1986-жылы инженер;

- 1987-жылы жол тейлөө мекемесиндеги №2 бөлүктүн жетекчиси;

- 1988-жылы 1-категориядагы инженер;

- 1994-жылы жол тейлөө мекемесинин №4 бөлүктө жол мастери, ушул эле жылы башкы инженер болуп иштеген;

- 1996-жылы №24 жол тейлөө мекемесинин жетекчиси;

- 1998-жылы жол тейлөө мекемесинде пландоо жана көзөмөлдөө боюнча инженер;

- 2007-жылы башкы инженер;

- 2010-2011-жылдары Көк-Ой айыл өкмөтүнүн башчысы болуп эмгектенген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 948
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу