Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.43    81.46    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Эл ичи — өнөр кенчи: Саяк уруусунан экенимди сыймыктануу менен айтам, - теле алып баруучу А.Адамкулова (фото)

Turmush -  Жумгал районундагы Байзак айылынын 25 жаштагы тургуну Айпери Адамкулова учурда теленин жүзү катары таанылып келе жаткан жаш алып баруучулардын катарын толуктайт. Аймактык кабарчы алып баруучу менен таанышты.

Айпери Байзак айылында төрөлүп, ошол жерде чоңойгон. Үй-бүлөдө 6 бир туугандын улуусу. 1999-жылы айылдагы А.Молдокеев атындагы орто мектепке кирип, аны 2010-жылы бүтүргөн. Ушул эже жылы Бишкек шаарындагы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетине өтүп, аны 2015-жылы аяктаган. Атасы Алымбек Адамкулов мындан 3 жыл мурда көзү өтүп кетсе, апасы Гүлмира Абдрахманова учурда 43 жашта, үй кожойкеси.

«Көпчүлүк каяктан болосуң деп сурап калганда Жумгалдан десем "оо, супер саячка турбайсыңбы" деп калышат. Саяк уруусун, деги эле Жумгалдын кызы экенимди дайыма сыймыктануу менен айтам. Үйдө кичүүлөрүбүз эгиздер.

Журналистикадан башка иш менен алектенип көргөн жокмун. 2-курста окуп жүргөндө кабелдик каналга кастингге барып, ошол күнү эле түз эфирге чыгарып салып, эфирде токтобой сүйлөгөм. Камера, эфир деген эмне, кантип карап сүйлөш керек экенин ошол жерден үйрөнгөм. Ага чейин бетиме бет май да сүйкөп көргөн эмесмин, макияж эмне экенин телеге барганда түшүнгөм. Андан соң чоң телеканалдарга кастинг аркылуу өтүп, иштеп жаткан учурум», - деди А.Адамкулова.

Айперинин атасынан кийин бир тууган иниси да бул дүйнө менен кош айтышкан.

«Атам анда болгону 45 жашта болчу. Чынын айтсам андан бери 3 жыл өтсө да дагы деле ишене албайм. Жакында эле бир тууганымдан да ажырап калдым. Мындай оор күндөр эч бир үй-бүлөдө болбосунчу. Ата-энем же туугандар арасында чыгармачыл чөйрөдө деле эч кимим жок. Сөз багып сүйлөө жагынан Адамкул чоң атамдан өткөнбү деп ойлоп коём. Анткени илгерки кишилерде сөздөн кармап, сөзгө жыгуу деген түшүнүк катуу өнүккөн эмеспи.

Мектепте окуп жүргөндө эле чыгармачылыкка жакын экенмин. Концерт уюштуруп кыйнала берчү элек. Бирок анда мен алып баруучу эмес, ыр-бийге катышчумун. Ырларды чыгарып, дубал гезиттерине чаптап чыкчубуз. Азыр ойлосом эң сонун күндөр ошол балалык учур экен», - деди ал.

Айпери алып баруучулуктун аркасы менен өзүнүн ордун таба алганын кошумчалады.

«Ары-бери карап калбай, ушул жумуш меники экенин түшүнө алдым. Кичинекей дүкөндүн ачылышынан баштап, мамлекеттик деңгээлдеги иш-чараларга чейин алып барууга жетиштим. Мурда теледен гана көрүп жүргөн улуу инсандар менен бирге иштешип, бир сахнада туруп, алар менен ага-карындаш, эже-сиңди болгонума сыймыктанам. Кудайга миң мертебе шүгүр, жумушум аркылуу Кыргызстандын бардык жерин көрүп келдим, жакшы адамдар менен тааныштым. Дайыма изденүүнүн үстүндөмүн. Учурда теледе ар кандай концерт, иш-чараларды алып барам жана бош убактыларымда элибиздин жакшылыктарында тамадалык кылам. Буюрса автордук программа алып чыгайын деп ойлонуп жатам», - деди Адамкулова.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2553
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
13:40,   26.09.2017   ( 1 адам окуп жатат)
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу