Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Нарын

Баетовдук жалгыз бой эне Р.Салымбекова үйү тууралуу көйгөйү чечилбей жатканына нааразы (видео, фото)

Turmush -  Ак-Талаа районундагы Баетов айылынын Манас көчөсүнүн 53 жаштагы тургуну Роза Салымбекова эки кошунасынын ортосунда кыпчылып жашаганын айтып, бул көйгөйүн тийиштүү мекемелер чечип бербей жатканына нааразы болууда.

Маалым болгондой, Р.Салымбекова мындан 10 жыл мурун жолдошу менен ажырашкан. Учурда эки баласы, эки небереси менен күн кечирип келүүдө. 10 жыл катуу ооруган эне майып катары каттоого алынган. Учурда майыптыгы боюнча 5 миң сом жана эки небересине 2400 сом жөлөк пул алат.

«Бул үй убагында барак тибинде салынып, 3 адамга турак жай катары берилген. Үйдүн эки башы кошуналарыма таандык, ортоңку бөлүгү мага таандык. Бирок биринчи кошунам эшиктин алдын тосуп алса, экинчи кошунам дагы айланасын тосуп алып, мен ортодо кыпчылып калдым. Кайсы жагы менен кирип-чыгарымды билбейм. Өзгөчө көмүр түшүргөндө кыйналчу болдум. К

Бул маселе боюнча акимчиликке кайрылгам. Анын негизинде Мамэкотехинспекция, Мамкаттоо жана Мамлекеттик архитектура кызматы тарабынан комиссия түзүлүп, үйдүн айланасын тосуп алууга болбойт деп кетишкен. Бирок кошуналарым ага болбой тосуп алышты. Ошондон бери менин көйгөйүм чечилбей келет. Бул үй өзү гана менчикке берилип, айланасындагы жер муниципалдык болуп саналат. Буга курулуш курганга болбойт. Болгону балдар ойноочу аянтча жана унаа токтоочу жай курууга болот экен. Ушул көйгөйүмдү эртелеп чечип берип коюшса жакшы болот эле», - деди Р.Салымбеков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1095
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×