Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.43    81.46    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Фото - Жумгалда Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы белгиленди

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунда Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгы салтанаттуу белгиленди, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, майрамдык иш-чара Чаек айылындагы сейил багында өтүп, ага район акими Адыл Сапаров катышып, жергиликтүү тургундарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Бул иш-чара райондук маданият үйү жана театр кызматкерлеринин концерттик программалары менен коштолду. Иш-чаранын алкагында айылдын ардактуу атуулдары наамдар, сыйлоо баракчалар менен сыйланып, балуу белектерди алышты.

Майрамдык иш-чарага жалпы 100гө чукул тургундар, маданият кызматкерлери, айыл аксакалдары жана спорт сүйүүчүлөрү катышты. Майрамдык кече 3 саатка созулуп, «Шайыр апалар» тобунун салттуу музыкалары менен коштолду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 888
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу