Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.43    81.46    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Фото - Кочкор районунда Эгемендүүлүк майрамы салтанаттуу белгиленди

Turmush -  Кочкор районундагы Жыргал Абдыкалыков атындагы маданият үйүнүн алдында Эгемендүүлүктүн 26 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Маалым болгондой, Эгемендүүлүккө арналган салтанатты Кочкор районунун акими Нурлан Керимкулов ачып, жергиликтүү тургундарды Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Салтанаттуу иш-чарада райондогу «Насаатчы айымдар», «Шаттык», Кош-Дөбө айыл өкмөтүнөн келген «Энелер шамы» шайыр апалар топтору өздөрүнүн өнөрлөрүн тарттуулашты. Ошондой эле, бир катар инсандарга Кочкор айылынын «Ардактуу атуулу» наамдары тапшырылса, эмгектин алдыңкыларына ардак грамоталар ыйгарылды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 655
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу