Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.43    81.46    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Жумгалдык айдоочулар жол чырактар туура эмес долбоордун негизинде коюлганына нааразы (фото)

Turmush -  Жумгал районундагы Чаек айыл өкмөтүнүн 2 көчөсүнө коюлган 4 даана жол чырак туура эмес түзүлгөн долбоордун негизинде орнотулуп калган. Мындай билдирүүнү жергиликтүү айдоочулар аймактык кабарчыга маалымдашты.

Алардын айтымында, айылдын Ак-Татыр аймагындагы Т.Мураталиев көчөсүнө коюлган жол чырак жана райондун борборуна коюлган жол чырактар айдоочуларга тоскоолдук жаратып баштады. Көчөнүн бир жак капталына бетме-бет орноп калгандыктан айдоочулар жол чырактын кызыл, жашыл күйгөн белгисин терезеден баштарын чыгарып же унаадан түшүп караганга мажбур болууда.

«Бул жол чырактарды кайсы долбоордун негизинде коюшкан? Ал жол кырсыгын алдын албай эле, тескерисинче кырсыкка түртүп жатат. Чоң чырак жолдун эки бетине өйдө, ылдый коюлушу керек болчу. Ылдый жакка барып токтосоң, маңдайыңда жол чырак жок болсо аргасыздан түшүп же терезеден башыңды чыгарып алып карап, анан жашыл күйгөн соң айдайбыз», - дешет айдоочулар.

Жол чыракты орноткон райондук №24 жол тейлөө мекемесинин башчысы Зарылбек Моңошов долбоор туура эмес түзүлүп калганын айтып, болгону өкмөт башчынын тапшырмасы менен тез арада коюлганын белгиледи.

«Негизи долбоор туура эмес жазылган. Жол чырак окуучуларга арналып коюлуп, туура эмес орнотулуп калды. Буга элдин көпчүлүгү нааразы болуп жатышат», - деди З.Моңошов.

4 даана жол чырак мамлекеттин 746 миң сом каражатына коюлган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1551
Комментарии
Обсуждения закрыты
Нет аватара
moison
14:31, 04 сентября 2017
Повород жок жерге орнош керек андай светофорлор. Күлкүнү келтирген жорук да негизи. Вопше да ким түзгөн долбоор 1 млн сомго ушуну койбой эле койсо болмок
Нет аватара
atanbekovk
21:46, 01 сентября 2017
бул светофорлор перекрестокко эмес жон гана жоожургунчу ото турган жерде(пешеходный переходдо) орнотулуучу светофор
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу