Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.43    81.46    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Жумгалда жолдун алдындагы байланыш линиялары менен суу түтүктөрү жарактан чыкты (фото)

Turmush -  Жумгалда жол жасаган курулуш компаниясы жолдун алдындагы байланыш линиялары менен суу түтүктөрүн жарактан чыгарды. Мындай билдирүүнү кечээ, 31-августта «Кыргызтелеком» ААКтын Жумгал районундагы филиалынын кызматкерлери билдиришти, деп кабарлайт аймактык кабарчы.

Маалыматка карасак, райондун борбордук көчөсүн асфальттап жаткан компаниянын кызматкерлери техниканын күчү менен асфальттын алдындагы байланыш линиялары жана айыл өкмөткө караштуу таза суу түтүктөрүн жарактан чыгарып алышкан.

«Негизи жол куруучулар алгач долбоорду сунуштоодо буларды эске алышы керек болчу. Эске алынбай ушундай абалга туш келдик. Учурда байланыш линиялары жана ирригациялык зоналар жарактан чыгып калды. Аны калыбына келтирүү иштери качан башталат?», - деди байланыш кызматкерлери.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 954
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу