Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Нарын

Чаек айылында отолбогон чөптөр борбордун көркүн бузуп жатат, - тургундар (фото)

Turmush -  Жумгал районунун борбору Чаек айылында чар-жайыт өскөн чөптөр отолбой, айылдын көркүн бузуп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургуну Марат Тургуналиев билдирди.

Анын айтымында, соода-сатык жайларынын алдын, арык, каналдар менен көпүрөлөрдүн жээктерин да чөп басып кеткен.

«Көзөмөл кылган эч ким жок. Айыл өкмөт иштебей калды. Тазалык каралбай келет. Район акими А.Сапаров тазалыкка көз салып койсо жакшы болот эле. Чаек айыл өкмөтүнүн алдындагы көрктөндүрүү жана тазалык боюнча чарбада иштегендер жок дегенде алган айлыктарын актап иш алып барышпайбы», - деди М.Тургуналиев.

Айыл өкмөт башчысы Бектен Кадыров бул чөптөр борбордук жол жасалып бүткөн соң тазалана турганын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 983
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×