Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Нарын

Жумгалдын Кең-Суу айылында 20 орундуу мектеп курула баштады (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Кең-Суу айылында 20 орундуу мектептин имараты курула баштады. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы маалымдады.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, элетте 150гө жакын адам жашайт. Шарты катаал, жолунун абалы жаман айылда электр жарыгысыз жашаган элеттиктер мал багуу менен алек. Буга чейин эски сарайды мектеп кылып, 1-класстан 4-класска чейинки окуучулар билим алышчу. Алардын бардыгына 1 гана мугалим сабак берет.

Жаңы мектептин курулушуна жалпы 2 млн сом каралган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 789
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×