Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Нарын

Тагдыр: Жумгалдык У.Түкөнбаев оң бутунун балтырындагы шишик менен 21 жылдан бери күрөшүп келет (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылынын 27 жаштагы тургуну Улан Түкөнбаев оң бутунун балтырына шишик пайда болуп, чет мамлекеттен кымбат баалуу операция жасатуу үчүн колдоо сурап келет. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Улан 1990-жылы Чаек айылында төрөлгөн. Ал бул дарт менен 6 жашынан бери алышып келет. Дарыгерлердин айтымында, анын оң бутунун балтырында шишик бар. Ал 2015-жылдан бери Улуттук онкология борборунун каттоосунда турат. 2016-жылы экинчи топтогу майып жаран болуп катталган.

Уландын бутуна 2016-жылдын март айында Бишкектен операция жасалып, бирок шишикти алууга дарыгерлердин мүмкүнчүлүгү жеткен эмес. Алар оң бутун түбү менен кестирүүнү сунуштап, бирок шишикти операция жолу менен чет мамлекеттен алууга боло турганын билдиришкен. Ага жалпы 10 миң АКШ доллары сарпталары белгилүү болгон. Мындай чоң суммадагы каражатты табууга Уландын үй-бүлөсүнүн мүмкүнчүлүгү жок.

Уланга жардам берүүнү каалагандар төмөндөгү банктык эсепке каражат которо алышат.

Банк: РСК-Банк
БИК: 129001
Эсеп: 1299003510000084
Алуучу банк: ОАО РСК-Банк г.Бишкек
Төлөм картасы №000001160535
Байланыш телефону: 0704551001 (апасы Гүлзина).

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1196
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×