Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.43    81.46    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Жумгалдыктар арыктардын үстүндөгү курулуштарды алдырууну талап кылууда (фото)

Turmush -  Жумгалдыктар райондун борборундагы суу өтө турган арыктардын үстүндөгү курулуштарды алдыртууну талап кылышууда. Бул тууралуу айыл тургундары аймактык кабарчыга билдиришти.

Алардын айтымында, Жумгал районунун борбору Чаек айылындагы суу өтө турган арыктар көмүлүп, үстүнө ар кандай курулуштар, соода сатык жайлар жайгашып калган. Айыл тургуну Токтожума Назаралиев мындай көрүнүштөр жылдан жылга сүйлөшүү, киши салуу же тааныш-билиш аркылуу көбөйүп жатканына тынчсызданат.

«Чаектин аймагында башкы план жок. Экотехинспекциянын, Мамархитектуранын кызматкерлери иштебейт. Райондун акими, айыл өкмөт башчы баш болуп, бул курулуштарды алдыртпай келишет. Бизге арык керек, суу керек», - деди Т.Назаралиев.

Ал эми, айыл өкмөттөн бул курулуштар жакынкы күндөрү Мамэкотехинспекциясы тарабынан бузула турганын билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 687
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу