Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Нарын

Айыл турмушу: Бал аары баккан 19 жаштагы Расул министрге 3 литр бал сатты (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Баш-Кууганды айылынын 19 жаштагы тургуну Расул Мусакожоев бир жылдан бери бал челек кармап, бал сатуу менен киреше таап келет. Бул тууралуу ал аймактык кабарчыга билдирди.

Маалым болгондой, Расул Жумгал райондук эмгек жана социалдык өнүгүү башкармалыгы тарабынан 1,5 айлык окууга катышып, бал челек кармоону, аарыларды багууну жана бал алууну үйрөнгөн. Окуунун алкагында 17 жаштагы бир тууган иниси Рустам Мусакожоев устачылыкты үйрөнүп, бал челектерди даярдап берген.

Расул бул жылы жалпы 40 литрдей бал алса, өткөн жылы 30 литрге жетпеген бал алган. Жакында эле эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакуновага Расул 3 литр бал сатты. Ал үй-бүлөдө 6 бир тууган. Ата-энеси дыйкан чарбанын мүчөсү.

«Бизде азыр бары жакшы. Иним устачылык кылып, учурда мага бал челектерди даярдап берүүгө жардам берип жатат. Бардыгын өзүбүздүн күчүбүз менен иштетип келебиз. Өкмөт тарабынан башында колдоо болгону үчүн ыраазыбыз. Азыркы 6 бал челектин санын көбөйтүү башкы максатым», - деди Р.Мусакожоев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3734
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×