Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Нарын

Жумгалдыктар райондук акимиаттын арты таштанды төгүүчү жайга айланганына нааразы (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал райондук мамлекеттик администрациясынын арты таштанды төгүлүүчү жайга айланганына жергиликтүү тургундар нааразы болууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургуну Марат Түнкатаров билдирди.

Анын айтымында, райондун ак үйүнүн арты акыркы 6 айдан бери таштанды төгүлүүчү жайга айланып, райондун көркүн кетирүүдө. Жергиликтүү тургундар жана активисттер, ошондой эле мамлекеттик кызмат адамдары сырттан келген меймандардан уялып бүтүшкөн.

«Райондун күзгүсү болгон райондук акимиаттын арты таштанды төгүлүүчү жайга айланганына нааразымын. Ушуну көзөмөлдөгөн башчы барбы? Шамал болгон сайын акимиаттын короосун каптаган таштанды көчөгө сапырылып жатат», - деди М.Түнкатаров.

Бул маселе боюнча аймактык кабарчы райондук мамлекеттик администрациянын чарба иштери боюнча адисине кайрылганда имараттын арты мурун таштанды төгүлүүчү жай болбогонун, кийин акимчиликтин имараты оңдоодон өткөндөн бери таштанды өз убагында тазаланып жатканын билдирди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 707
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
18:21,   23.11.2017   ( 5 адам окуп жатат)
×