Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Нарын

Жумгалдык айдоочулар унаа токтой турган жайдын жоктугуна нааразы (видео)

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылынан Бишкекти көздөй жүргүнчү ташыган таксилердин айдоочулары райондо атайын унаа токтой турган жай же автобекеттин жоктугуна нааразы болушууда. Бул тууралуу айдоочулар аймактык кабарчыга билдиришти.

Мындан тышкары, Кочкордон Жумгал районуна чейинки унаа жолдун тамтыгы чыгып, 6 айдан бери техника менен сүрүлбөй, аң-чуңкурлар жамалбай жатканына нааразы болушту.

«Биз дагы адамбыз, биз да жүргүнчү ташып кызмат көрсөтүп жатабыз. Бирок Чаекте таксисттер токтой турган атайын жай жок, көрүнгөн жерге баш калкалап жүрөбүз. Жолдун абалынан унааларыбыз талкаланып бүттү. Аң-чуңкурларды топурак менен көмүп коюшкан. Кызарт ашуусундагы абал дагы өтө жаман. Тапкан каражатыбызды кайра эле унаабызга чаптап жатабыз», - деди айдоочу Султан Турсунбеков.

Ал эми, Жумгал райондук жол тейлөө мекемесинин башчысы Зарылбек Моңошов жолдор пландын негизинде гана оңдоодон өтүп, аң-чуңкурлар өз убактысы менен жасалып жатканын айтып, таксисттердин оюна кошулбастыгын билдирди.

Учурда Чаек — Бишкек каттамы аркылуу жүргүнчү ташыган 50дөн ашык таксист бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 916
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×