Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Нарын

Жумгалда жумушсуздук боюнча атайын окуудан өткөн тургундар чакан ишканаларды ачышты (фото)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунда Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин алдындагы иш менен камсыз кылуу бөлүмү аркылуу атайын окуудан өткөн тургундар темир ширетүү, кийим тигүү цехтерин иштетип жатышат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга айыл тургундары билдиришти.

Маалым болгондой, министрлик тарабынан каржыланган долбоор аркылуу райондун ар бир айылынан 20га чукул жергиликтүү жашоочулар билим алышкан.

Эмгек жана социалдык өнүгүү министри Таалайкүл Исакунова 1-сентябрда райондун Баш-Кууганды айылында болуп, темир ширетүүчү, таттуу азыктарды жасоочу, кийим тигүүчү ишканалардын иши менен таанышып, андагы кызматкерлер менен жолукту.

Аталган айылдын социалдык кызматкери Анара Батралиева министрликтин социалдык долбоорлору аркылуу окуудан өткөн тургундарга атайын кызматтык кийимдер, темир ширетүүчү жабдыктар алынып берилгенин белгиледи.

Министр ишкерчилик кылып, аз да болсо да жумушсуздуктун санын кыскартып жаткан тургундарга ыраазы болуп, алардын иштерине ийгилик каалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 744
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×