Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.43    81.46    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Бутундагы шишик менен күрөшкөн жумгалдык У.Түкөнбаевге жердештери 200 миң сом чогултуп беришти (видео, фото)

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылынын 27 жаштагы тургуну Улан Түкөнбаев оң бутунун балтырына шишик пайда болуп, чет мамлекеттен кымбат баалуу операция жасатуу үчүн жардам сурап элге кайрылган. Жергиликтүү жаштардын жардамы менен марафон уюштурулуп, 200 миң чогултулуп берилди, деп билдирет аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, 2-сентябрда Жумгал райондук «Соң-Көл» кинотеатрында өткөн кайрымдуулук концертке айыл тургундары жана айылдык кеңештин депутаттары күбө болушту. Концерттин алкагында марафон уюштурулуп, Жумгал районунан чыккан Жогорку Кеңештин эки эл өкүлү 20-50 миң сомдон көмөк көрсөтүштү.

Улан 1990-жылы Чаек айылында төрөлгөн. Ал бул дарт менен 6 жашынан бери алышып келет. Дарыгерлердин айтымында, анын оң бутунун балтырында шишик бар. Ал 2015-жылдан бери Улуттук онкология борборунун каттоосунда турат. 2016-жылы экинчи топтогу майып жаран болуп катталган.

Уландын бутуна 2016-жылдын март айында Бишкектен операция жасалып, бирок шишикти алууга дарыгерлердин мүмкүнчүлүгү жеткен эмес. Алар оң бутун түбү менен кестирүүнү сунуштап, бирок шишикти операция жолу менен чет мамлекеттен алууга боло турганын билдиришкен. Ага жалпы 10 миң АКШ доллары сарпталары белгилүү болгон. Мындай чоң суммадагы каражатты табууга Уландын үй-бүлөсүнүн мүмкүнчүлүгү жок.
Уланга жардам берүүнү каалагандар төмөндөгү банктык эсепке каражат которо алышат.

Банк: РСК-Банк
БИК: 129001
Эсеп: 1299003510000084
Алуучу банк: ОАО РСК-Банк г.Бишкек
Төлөм картасы №000001160535
Байланыш телефону: 0704551001 (апасы Гүлзина).

Тема боюнча: Тагдыр: Жумгалдык У.Түкөнбаев оң бутунун балтырындагы шишик менен 21 жылдан бери күрөшүп келет (фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 1199
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу