Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.43    81.46    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Жумгалдын Тогуз-Кайрык аймагындагы тургундар үйлөрүнүн жанына таштанды төккөндөргө нааразы (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Чаек айылынын Тогуз-Кайрык аймагындагы 2 кабаттуу турак жайдын тургундары ал жерге жакын жашаган 2 кошунанын айынан таштандыга көмүлүп калганын айтууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү тургун Тамара Сопуева билдирди.

Анын айтымында, эки кабаттуу турак жайдын маңдайында жашаган Аман Өмүралиев көмүр калдыктары менен от жагуудан чыккан күлдү эки кабаттуу турак жай тапарка таштап жатат. Мындан тышкары бул тургун турак жайдын оң тарабынан оор жүк ташуучу унаалар өтө турган жолду ачып алган. Ал эми, ушул эле тургундун кошунасы Узакбек Сокуровдун үй-бүлөсү малдын көңүн, кыктарын жана чөптөн калган калдыктарды турак жайды көздөй төгүп салган. Буга нааразы болгон тургундар айыл өкмөткө бир нече жолу кайрылып, бирок алгылыктуу жооп алышкан эмес.

«Биздин турак жайда 16 үй-бүлө балдарыбыз менен жашайбыз. Үйдүн алдында эч кандай балдар ойной турган аянттар жок. Жада калса 2 кабаттуу турак жайдын ичине суу да кирбейт, дааратканабыз сыртта жайгашкан. Жаңы даараткана курууга да аталган тургундар тоскоол болуп жатышат. Айыл өкмөтүнө бир нече ирет кайрылганыбыз менен жыйынтык жок. Биз таштандыга көмүлүп, көмүрдүн күлү шамалда үйдү каптап жатат. Буга ким жооп берет? Экология, Мамэкотехинспекциянын кызматкерлери келип, чара колдонсо болот эле», - деди Т.Сопуева.

Ал эми, А.Өмүралиевдин жубайы Динара Жабудаева таштанды мурда төгүлгөнүн, аны жакын арада тазалай турганын айтып, тургундардан Мамэкотехинспекцияга кабар бербей турууну суранды. Ошондой эле, малдын кыгын төккөн тургундун үй-бүлөсү да тазалай тургандыгын билдиришти.

Чаек айыл өкмөтүнүн башчысы Бектен Кадыров аталган үйдүн тургундары менен жеринде жолугуп, көйгөйлөрүн уга турганын айтты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 746
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу