Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Нарын

Жумгалдагы тарыхый инсандардын айкели турган жерди чөп басып кетти, - тургундар (фото)

Turmush -  Жумгал районунун борборундагы баатырлар, коомдук ишмерлер жана көрүнүктүү инсандардын айкелдери орнотулган аймак кароосуз калган. Бул тууралуу аймактык кабарчыга жергиликтүү аксакалдардын бири Сабыр Жумабаев билдирди.

«Өлгөндөр даңкталмайын, баркталмайын, каралып эскертилип турмайын тирүүлүлөр эч качан баркталбайбыз. Эмне үчүн бул айкелдер турган аймак тазаланып каралбайт? Айкелдерди көчөдөн чыккан чаң каптап, айланасын куураган чөп басып кеткен. Аны карап көзөмөлдөгөн бир жан жок», - деди С.Жумалиев.

Бул маселе тууралуу аймактык кабарчы айыл өкмөткө кайрылганда аталган жай райондук маданият бөлүмүнө, бул бөлүм Т.Турсунбаева атындагы маданият үйүнө тиешелүү дешсе, алар райондук акимиатка карайт деген жоопторун беришкен.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 940
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×