Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Нарын

Айыл турмушу: Жумгалдык К.Иманалиева 5 жылдан бери таш кордо менен киреше табат (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Көк-Ой айыл аймагынын 53 жаштагы тургуну Кенжегүл Иманалиева таш кордо тамагын даамдуу кылып жасаганы менен белгилүү. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Кенжегүл Иманалиева беш жылдан бери таш кордо жасап, учурда атайын буйрутмаларды алууда. Ал бул тамакты жасоо үчүн бир күн мурун козунун этин алдыртат. Козунун эти 12 саат муздак жерде маринаддалып, 3 саат бою атайын жер алдына даярдалган мешке оттун табына бышырылат.

«Бул мешти 3 жыл мурда сыналгыдан көрүп, окшоштуруп жасаганбыз. Буга чейин Россиянын Москва шаарында япон ашканасында иштегем. Кийин айылга келип таш кордо тамагын жасоону өздөштүрдүм. Көбүнчө той-топурларга, куда-сөөк тоскондо буйрутма беришет. Таш кордо жасата тургандар өздөрү малдын этин алып келишет. Аны даярдап бышырып берем. Бир жолу таш кордо тамагын даярдоого 1500 сом акы алам», - деди К.Иманалиева.

Анын учурда 3 уул, 1 кызы жана 6 небереси бар. Жолдошу Зарылбек Моңошов мамлекеттик кызматкер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2196
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×