Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.43    81.46    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Жумгалда табигый кырсыктан жабыр тарткан эки үй-бүлөгө 69,3 миң сомдук сертификаттар тапшырылды (фото)

Turmush -  Жумгал районундагы эки үй-бүлөгө «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» АКК тарабынан 69,3 миң сомдук сертификаттар берилди.

«Мамлекеттик камсыздандыруу бөлүмү» ААКтын Нарын филиалынын менеджери Арстанбек Алымканов билдиргендей, Нарын облусу боюнча 1,5 жыл ичинде ар кандай табигый кырсыктардан жана өзгөчө кырдаалдардан жабыр тарткан 6 үйгө 649 миң 546 сом төлөнүп берилген. Анын ичинде Жумгал районунун Кабак айылында кыян жүрүп, андан жабыр тарткан үй-бүлөгө 500 миң сом төлөнүп берилген.

Сертификат тапшыруу жыйынына район акиминин биринчи орун басары Бакыт Женалиев катышып, мекеме жетекчилерине турак үйлөрдү камсыздандыруу маселеси тууралуу тапшырма берди.

«Эмне үчүн турак жайларыбызды камсыздабай келебиз? Сел, кыян алып кеткен үйлөрдүн ээлери эми түшүнүп жатышат. Мурда камсыздап койгондор колдоо алышты. Эми элге да туура түшүндүрүп, активдүү болуубуз керек. Көп үйлөрдү кыян алып кетти, аларга каражат берилген жок, себеби алар камсыздандырган эмес да. Урматтуу жетекчилер, алдыңардагы кызматкерлерге, тууган-уруктарга туура түшүндүргүлө», - деди Б.Женалиев.

Жыйындын жүрүшүндө Жумгал районунун тургундары Турганбек Мусаевге 32 миң 639 сом, Нургүл Дербишовага 36 миң 661 сомдук сертификаттар берилди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 636
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу