Бөлүмдөр
Шейшемби, 26-сентябрь
68.43    81.46    1.19    KZT 0.2
акыркы жаңылыктар

бардыгы

Нарын

Түгөл-Сайдагы 30 жылдык бүтүрүүчүлөр жалгыз бой энеге үй куруп беришти (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Түгөл-Сай айылындагы С.Медетов атындагы орто мектебин 30 жыл мурун аяктаган бүтүрүүчүлөр жалгыз бой эне Гүлкайыр Алиевага 3 бөлмөлүү үй куруп беришти. Бул тууралуу аймактык кабарчыга бүтүрүүчүлөрдүн бири Рысбек Кубанычбек уулу билдирди.

Анын айтымында, бүтүрүүчүлөр Гүлкайыр Алиева менен чогуу окушкан. Гүлкайыр 1970-жылы ушул айылда төрөлүп, бала кезден II топтогу майып. Буга чейин жалгыз бой эне жол боюндагы авариялык абалда турган 1 бөлмөлүү үйдө күн кечирип келген. Учурда 2-класста окуган баласы бар.

«Биз мектепти 1987-жылы бүткөнбүз. Бала кезден майып болуп төрөлгөн Гүлкайырга үй куруп, соопчулук иш кылалы дегенбиз. Быйыл 30 жылдык мааракебизди өткөрүп, классташыбызга үй куруп бердик. Көпчүлүгүбүз жапа тырмак киришип, тез эле куруп койдук. Азыр 3 бөлмөлүү үйдө бардык шарты бар. Канча чыгым кеткенин деле эсепке алган жокпуз. Бирибиз чатырын, бирибиз кышын, бирибиз ичин жасадык. Ушундай соопчулук иштерди көп жасап турсак жакшы болмок», - деди Р.Кубанычбек уулу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 742
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×
Урматтуу окурман, мекенибиздин аймактагы «турмушунан» кабар алганыңыз үчүн ыраазычылык билдиребиз.
Куш кабарыбыз маалыматтык чаңкооңузду канааттандырса «Нравится» эн белгисин басуу менен сиз үчүн кылган ишибизге дем бериңиз!
Жабуу