Бөлүмдөр
Жума, 24-ноябрь
69.7    82.04    1.18    KZT 0.21
Нарын

Айыл турмушу: Жумгалга келишим менен барган дарыгер Т.Бакиев айылда өмүр бою иштөөнү көздөп жатат (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Кызарт айылында 1985-жылы туулган жаш дарыгер Тельман Бакиев жаш дарыгерлер депозити менен айылга келген. Бирок келишимдин мөөнөтү бүтсө да айылда калып иштөөнү максат кылууда. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Тельман 11-классты айылдагы Айып Идинов атындагы орто мектептен аяктаган. 2006-жылы Кыргыз улуттук медициналык академиясына тапшырып, бюджеттик негизде окуп, билим алган. Андан соң, 1 жыл ординатурада окуп, 2013-жылы инфекциялык кафедрасына тапшырган. Ал жакты бүтүрүп, 2014-жылдан баштап Жумгал аймактык ооруканасына кадрдын жетишсиздигине байланыштуу анестезиолог-реаниматолог болуп орношуп иш алып барат.

«Жаш дарыгерлер депозити программасы менен келип, 8 ай бул жакта иштегем. 3 айдан кийин кайрадан квалификациямды жогорулатып, анестезиолог-реаниматолог болуп, 3 жылдан бери иштеп келем. Ушул жылдын сентябрь айы менен депозиттик келишимдерибиз аяктайт. Кайра узартуу кыйын нерсе экен. Бирок кесипкөй адистердин жоктугуна байланыштуу жумуштун кызыкчылыгы үчүн кайра кат жолдоп, кайрылып көрөлү деп жатабыз. Жаш кадрлардын жоктугун эске алуу менен мен айылда калып иштөөнү көздөп турам», - деди Т.Бакиев.

Тельман учурда оорукананын директорунун орун басары болуп да иш алып барат.

«2,5 жыл бою райондун борборуна Кызарт айылынан барып келип иштеп жүрдүк. Кийин үйлөнгөндө үй жай алуу керек болду. Мамлекеттик жеңилдиктерге илинип, ипотека менен үй алууга жетиштик. Ары-бери жүгүрүп атып, өзүбүздүн аракетибиз менен чечип алдык. Ал эми эмгек акы боюнча дарыгерлердин айлыгы негизинен аз. Башка кызмат адамдарына салыштырмалуу биз күнү-түнү иш алып барабыз. Кылган ишибиз өтө эле жогору жана жоопкерчиликтүү. Жумуш оор болгондугуна карабай, кесипти сүйгөндүгүбүздөн иштеп келе жатабыз», - деди ал.

 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 2328
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×