Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 15.09.2017 11:32

Б.Аблабеков БШКнын Жумгалдагы өкүлү болуп дайындалды

Turmush -  Борбордук шайлоо комиссиясынын Жумгал районундагы өкүлү болуп 58 жаштагы зоотехник Бердибек Аблабеков дайындалды.

20170915_095326

БШК мындан 1,5-2 ай мурда районго өкүл дайындоо боюнча сынак жарыялаган.

«БШКга документ тапшырып, сынакка катыштым. Бирок 4 упай гана жетпей өтпөй калдым. Азыр убактылуу өкүл болдум. Шайлоодон кийин сынак болот, ага катышам. Алдыдагы шайлоону тынч жана так өткөрүп алалы», - деди Б.Аблабеков.

Өмүр баяны:

Б.Аблабеков 1959-жылы райондун Куйручук айылында туулган. 1977-1982-жылга чейин Айыл чарба институтунда окуган. Кесиби боюнча зоотехник. Эмгек жолун 1976-жылы Кызыл-Туу айылындагы механизатор кызматынан баштаган.

Эмгек жолу:

- 1982-жылы райондук комсомолдук комитетинин катчысы;
- 1984-жылы Нарын облустук комсомол комитетинде иштеп, 1986-жылы райондук айыл чарба башкармалыгында жетекчи кызматында иш алып барган;
- 1986-1991-жылдары Көкө-Мерен совхозунда башкы зоотехник;
- 1991-2006-жылдары жеке фермер, Сүт багытындагы уйлар, үрөн чарба кооперативинин директору, Суу пайдалануучулар ассоциациясынын директору болуп иштеген;
- 2006-2012-жылдары Куйручук айыл өкмөтүнүн башчысынын милдетин аткаруучу;
- 2012-жылы айыл өкмөттүн катчысы;
- 2013-2016-жылдары айыл өкмөттүн башчысы болгон.

Үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×