Бөлүмдөр
Жекшемби, 18-август
Нарын облусуЖумгал району 03.10.2017 13:42

Айыл турмушу: 28 жаштагы юрист Ж.Сапаров ат таптап, Нарында белгилүү саяпкер болду (видео, фото)

Turmush -  Жумгал районуна караштуу Байзак айылынын 28 жаштагы тургуну Жеңишбек Сапаров жердештерине жаш саяпкер катары таанымал. Анын кесиби юрист. Жеңишбек менен аймактык кабарчы таанышты.

Ал 2007-жылдан баштап бир туугандары менен таза кандуу асыл тукум жылкыларды багып келет. 2 жыл мурда облуста жок атайын жылкы сарайын салып, англо-араб багытындагы асыл тукум аттарды багып баштаган.

«Сарайды атайын 10дон ашык жылкылар бата тургандай кылып курганбыз. Бул Нарын облусу боюнча жалгыз сарай. Күлүктөрүбүз дайыма байгелүү орундарды алып келет. Учурда жылкыларыбыз эс алууда. Күндө 3 маал жем беребиз. Адырага улпак аралаштырып беребиз жана сууну өз убагында берип турабыз. Жумгалда асыл тукум жылкыларды багуу жакшы өнүгүп келе жатат. Ат баккан саяпкерлер көбөйдү. Бизде баш аягы 20дан ашык асыл тукум жылкылар бар», - деди Ж.Сапаров.

Жеңишбек үй-бүлөдө 5 бир тууган, 3 эркек, 2 кыз. Үйдүн эң кичүүсү. Борборду таштап айылга келип, жылкы таптап жатканына 1,5 жыл болгон. Буга чейин агасы багып жүргөн.

Жеңишбек жылкыларына Балтика, Карлыгач, Асылзат, Кундуз деген аттарды койгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×