Бөлүмдөр
Жекшемби, 25-август
Нарын облусуЖумгал району 03.10.2017 15:43

Айыл турмушу: Жумгалдык А.Бексултанов ата өнөрүн улап, булгаарыдан шахмат такталарын жасоодо (фото)

Turmush -  Жумгал районунун Куйручук айылынын 34 жаштагы тургуну Азат Бексултанов булгаарыдан шахмат такталарын жасап, 1 миң сомдон сатат. Аймактык кабарчы уста менен таанышты.

Өзүнүн айтымында, атасы да уста киши болгон.

«Атама жардам берип жүрүп көп ишти үйрөнүп алдым. Атам каза болгондон кийин устачылыгын өзүм улайын деп, 2006-жылдан бери буйрутма алып иштеп келем. Шахмат баштыкчалар көлөмүнө жараша жасалып, 200 сомдон 1 миң сомго чейин сатылат. Баштыкчаларды жасоо үчүн 1 уйдун терисин булгаары ишканасынан 7 миң сомдон алам. Атайын булгаарынын жиптери 300 сомдон сатылат. 1 баштыкча 1 жуманын ичинде даяр болот. 1 уйдун терисинен 20 баштыкча жасалат. Баштыктарды жасап, тигүү иштерине жээндерим жардамдашат. Аларга ар бир баштыкча үчүн 400 сомдон акы төлөп берем», - деди ал.

А.Бексултанов жубайы менен 5 баланы тарбиялап жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×