Бөлүмдөр
Бейшемби, 22-август
Нарын облусуЖумгал району 06.10.2017 12:41

Жумгалда футбол боюнча турнирдин жеңүүчүлөрү аныкталды (фото)

Turmush -  Жумгал районунда Ыйман, адеп жана маданият жылына карата кичи футбол боюнча турнир болуп өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчыга уюштуруучулардын бири Ниязбек Асизов билдирди.

Маалым болгондой, турнирде жалпы 10дон ашык курама команда күч сынашты. Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду Чаек айылындагы «Ынтымак» командасы, 2-орунду «Байзак» курама командасы алса, 3-орунду Чаек айылынын «1997-жылкы» командасы ээледи.

Мелдештин байге фонду 65 миң сомду түзгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×