Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 14.10.2017 16:56

Видео, фото - Чаекте 89 жаштагы Анарбүбү Осмоналиева көчмө урна менен добуш берди

Turmush -  Бүгүн, 14-октябрда Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылында көчмө урна менен добуш берүү улантылып жатат, деп билдирди аймактык кабарчы.

Буга чейин 89 жаштагы Анарбүбү Осмоналиева шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүн үйүнө чакырып, тиешелүү арыз жазган. Ага  бүгүн кошунасы жардам көрсөтүп, көчмө урна аркылуу добуш берүүгө катышты.

Жумгал району боюнча участкалык шайлоо комиссияларынан тышкаркы аймакта добуш берүү үчүн 291 жаран каттоодон өткөн.


Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×