Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 15.10.2017 10:48

Жумгалда президенттик шайлоо кызуу жүрүп жатат (видео, фото)

Turmush -  Нарын облусунун Жумгал районунда Кыргызстандын президентин шайлоо өнөктүгү саат 08:00дө башталып, элдин кезек күтүүсү менен уланды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Шайлоочулардын айтымында, бүгүн, 15-октябрда Чаек айылындагы №4115 шайлоо тилкесинде жарандардын бармактарынан маалыматтар чыкпай убара болушса, 18 жаштагы студенттердин «буга чейин шайлагансың» деген маалыматтары базадан чыгып, добуш бере албай көпкө турушкан.

Борбордук шайлоо комиссиясынын Жумгал районундагы өкүлчүлүгүнүн маалыматына караганда, учурда шайлоо тынч өтүп, мыйзам бузуулар болгон жок. Ал эми, техникалык мүчүлүштүктөр өз убагында чечилип жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×