Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 15.10.2017 15:01

Жумгалдагы байкоочулар Кызыл-Жылдыз айыл өкмөтүнө нааразы (видео, фото)

Turmush -  Жумгал районунун Кызыл-Жылдыз айыл аймагындагы №4120 шайлоо участкасындагы байкоочулар айыл өкмөттүн кызматкерлерине чара колдонуу керектигин айтышууда. Бул тууралуу аймактык кабарчыга байкоочу Адилет Насиров билдирди.

Байкоочулар айыл өкмөттүн кызматкерлери элдин жаңы келген биометрикалык паспортторун добуш берүү жайында таркатып, кол койдуруп жаткандарын мыйзамсыз деп баалашууда.

«Шайлоо тынч өтүп жатканы менен айыл өкмөт башчысы, кызматкерлер жана мекеме жетекчилер сыртта үгүт иштерин жүргүзүп, биометрикалык паспортторду таратып жатышат. Ошондой эле, шайлоо участкасына элди сүйрөп кирип-чыгып жаткандарына кандай түшүнсөк болот?», - деди А.Насиров.

Бул маселе боюнча айыл өкмөттүн кызматкерлери паспортту шайлоо тилкесинин ичинен таратуу мыйзамдуу деп билдиришти. Ал эми, айыл өкмөт башчы Б.Кыдырмаев шайлоонун коопсуздугун кароодо кирип-чыгууга уруксат экенин белгиледи.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×