Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусуЖумгал району 18.10.2017 18:22

Жумгал районунда талапкерлер кандай добуш алышты?

Turmush -  Жумгал районунда Кыргызстандын президентин шайлоого 25 миң 133 шайлоочу катталып, алардын ичинен 13 миң 572 адам добуш берүүгө катышты. Бул тууралуу райондук аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Нурбек Термечиков билдирди.

Талапкерлер Жумгал району боюнча төмөндөгүдөй добуш алышкан:

- Зарлыков Эрнис Зарлыкович 5 добуш;

- Үмөталиева Токтоайым 18 добуш;

- Сариев Темир Аргенбаевич 378 добуш;

- Кочкоров Улукбек Тойчубаевич 30 добуш;

- Масадыков Таалатбек Шамудинович 72 добуш;

- Бабанов Өмүрбек Токтогулович 5316 добуш;

- Абдылдаев Арстанбек Бейшеналиевич 26 добуш;

- Бекназаров Азимбек Анаркулович 31 добуш;

- Жээнбеков Сооронбай Шарипович 7490 добуш;

- Мадумаров Адахан Кимсанбаевич 35 добуш;

- Малиев Арсланбек Касымакунович 4 добуш.

Ал эми баардык талапкерлерге каршы добуш бергендердин саны 41 адамды түзгөн.

БШКдан келген бюллетендин саны 25 миң 145 болсо, тизме боюнча 25 миң 133 шайлоочу катталган. Шайлоочулар добуш берүү үчүн жалпы 13 миң 572 бюллетен алса, көчмө урна менен 239 шайлоочу добуш берген. Ал эми жараксыз бюллетендердин саны 126 болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×